Адам өмүрүн алган дагы бир жол кырсыгы катталды
RU

Адам өмүрүн алган дагы бир жол кырсыгы катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дагы жол кырсыгы катталганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

24-августка караган түнү Баткен облусунун Кадамжай районунда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 112-чакырымында жол кырсыгы катталды. Анда Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, КамАЗды сүзгөн. Анын кесепетинен Хонда унаасынын айдоочусу көз жумду. Ал 1995-жылы туулган Б.А. атуу жаран экени белгилүү болду.

Окуя болгон жерге No76 КБКнын беш куткаруучусу келип, айдоочунун сөөгүн тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3167