Пара алып жаткан жеринен Москва райондук ЗАГС бөлүмүнүн башчысы колго түштү
RU

Пара алып жаткан жеринен Москва райондук ЗАГС бөлүмүнүн башчысы колго түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москва районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын кызматкерлери Чүй облусунун калкты каттоо органдарынын кызматкерлери тарабынан элден системалуу түрдө акча талап кылынгандыгы тууралуу кабардар болушкан.

"2021-жылдын 23-августунда тергөө-ыкчам тобу пара алып жаткан учурда Чүй облусунун Москва районунун калкты каттоо кызматкери А.И.Э кармалды",-деп билдиришти министрликтен.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адам узак убакыт бою паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана башка мамлекеттик бланктарды берүү боюнча расмий мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн калктан мыйзамсыз төлөмдөрдү чогултуп келгени аныкталган. Жалпысынан ушул сыяктуу 50дөн ашык фактылар аныкталган.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Тергөө уланууда.

Кээ бир маалыматтарга караганда, биз Индира Абдылдаева жөнүндө айтып жатабыз. Эске сала кетсек, буга чейин Москва районунун тургундары жалпы эле Москва районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн ишине жана анын ичинде Индира Абдылдаева боюнча бир нече жолу арызданышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3177