Панфилов паркында чөнтөкчүлөр иштешет. Телефон уурдалган учур камерага түшүп калган
RU

Панфилов паркында чөнтөкчүлөр иштешет. Телефон уурдалган учур камерага түшүп калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-август күнү кечинде, Бишкектин Панфилов паркында бир келиндин чөнтөгүнөн телефонун уурдап кетишкен. Ал бул тууралуу социалдык тармактарга жазган.

"Топ кыздар иштешет экен. Биринчиси ак кийимчен, баланы автобуска отургузуп жатканымда, мени жөөлөдү. Учурдан пайдаланып, сумкаман байкатпай телефонумду алып чыкты. Андан кийин кызыл кийимчен келинге берди, ал хиджаб кийген кызга берди. Мен телефонумдун жоголгонун түшүнгөндө, алардын артынан басып бардым. "Телефонумду бергиле!" деп кыйкырдым. Алар сумкаларын ачып, эч нерсе жок, деп көрсөтө башташты. Колумдагы кызым ыйлап жиберди. Ошону менен кетип калдым. Чынында, эмне кылышты билген жокмун. Ошол эле күнү Биринчи май райондук РИИБге барып арыз жазгам. Азырынча тынч", - деп жабырлануучу жазган.

Биринчи май райондук ИИБнин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады. Алардын айтымында уурдоо фактысы КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Шектүүлөргө издөө салынды.

Андан тышкары Kaktus.media редакциясына окурман кайрылып, бир нече жума мурун, анын да уюлдук телефонун Панфилов паркында ушундай жол менен уурдап кетишкенин билдирди.

"Кызым менен сейилдеп жүргөм. Телефонумду уурдаган учурда кызым колумда болчу. Дароо реакция кылганга жетишкен жокмун. Мен да милицияга арыз жазып кайрылгам, азыркыга чейин шектүүлөрду издеп жатабыз, деп айтып кутулушат", - деп окурман жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3185