Исхак Масалиев Ош шаарынын мэрлигине талапкер Алмаз Мамбетовду манкурт деп атады
RU

Исхак Масалиев Ош шаарынын мэрлигине талапкер Алмаз Мамбетовду манкурт деп атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болгондон кийин шаарда орнотулган Владимир Лениндин эстелигин бузууну ойлонуп жатат. Бул тууралуу экс-депутат Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасына жеке пикирин жарыялады.

Мэрликке талапкерлигин койгон саясатчы: "Калк ушундай чечим кабыл алса, эстелик бузулат",- деген. Андан тышкары "Ошто башка көйгөй жокпу?",- деп суроо калтырып кеткен.

В.Лениндин эстелигин бузам деген кандай манкуртсуң! Балыкчыдагы эстеликти алып салып, шаардыктардын жашоосу жакшырып кеттиби? Эми Оштогуну дагы ...

Исхак Масалиев: "Алмаз, иним, тынчтанууңду өтүнөм. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө шарт түзгөн эң маанилүү адамдардын бири Владимир Ленин болгон. Муну эч ким талаша албайт. Андан көрө экономиканы жакшырткыла, завод-фабрикаларды жандандыргыла, мектептер менен ооруканаларды кургула",- деп кайрылды.

Эске сала кетсек, Ош шаарынын мэрин шайлоо эртең, 26-августта өтөт. Бул кызматка Алмаз Мамбетов жалгыз талапкер. Ал 2014-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3189