Мамытов жаңы судьяларды дайындады. Алардын арасында Матраимовдордун адвокаты да бар
RU

Мамытов жаңы судьяларды дайындады. Алардын арасында Матраимовдордун адвокаты да бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Судьларды дайындоо кеңеши президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун атына Бишкектин райондук, Нарын жана Ысык-Көл облусттук сотторго судьяларды дайындоо сунушун киргизген.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү мамлекеттик орган сунуштаган кошумча материалдарды эске алуу менен Талант Мамытов Кеңештин судьялык кызматка тогуз талапкерди дайындоо сунуштамаларына макул болгон.

Президенттин м.а. жергиликтүү сотторго тогуз судьяны дайындоо үчүн буйрук чыгарып, алар өз кезегинде тиешелүү сотторго ыйгарым укугун аткаруу үчүн жөнөтүлдү:

Бишкек

Октябрь райондук соту:

  • Жарматова Айдай Жарматовна;
  • Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич.

Свердлов райондук соту:

  • Абыкеев Талайбек Капарович;
  • Бадаева Лейла Алиевна;
  • Тюмонов Алтынбек Жаныбаевич.

Ленин райондук соту:

  • Омуралиев Мелис Асанбекович;
  • Тентимишов Марлен Бактыгулович.

Ысык-Көл облустук соту:

  • Мырзаканова Бермет Низамидиновна.

Нарын облустук соту:

  • Алыбаев Замир Эрнисбекович.

Буйруктар кол коюлган күнүнөн тартып күчүно кирет.

Бул тизмеге Лейла Бадаева да кирет. Ал Бишкектеги Свердлов райсотунун судьясы болуп дайындалды. Бадаева, ЖКнын депутаты Искендер Матраимов жана анын жубайы Минавар Жумаеванын жана Исмаил Матраимов фондунун Kloop.kg, 24.kg жана башка ММКларга каршы сот иши боюнча Матраимовдордун кызыкчылыгын коргоп келген. Бул иш Свердлов райсотунда каралып жаткан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/318