Токмоктун мэрин шайлоо. Залда көпчүлүк коалициясы жок
RU

Токмоктун мэрин шайлоо. Залда көпчүлүк коалициясы жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-августта, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрин шайлоо өтөт. Ош жана Бишкектеги шайлоо альтернативасыз, эки шаарда тең бирден гана талапкер: Алмаз Мамбетов жана Айбек Жунушалиев. Анын үстүнө, алар учурда мэрдин милдетин аткарып жатышат. Ошондон улам, Ош, Бишкектеги шайлоо формалдуулук гана. Ал эми Токмок шаарынын мэри болуу үчүн эки талапкер ат салышат.

Шайлоо 9:00до башталган. Бирок Токмок шаардык кеңешинин залында, белгисиз себептерден улам, шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясынын бир да депутаты жок. Тагыраак айтканда "Бирге", "Патриот Ынтымагы" жана "Эл биримдиги".

Белгилей кетсек, БШКнын мүчөлөрү залда отурушат, ал эми депутаттар ошо бойдон жок.

Залда отурган БШКнын өкүлдөрү Kaktus.media'га түшүндүргөндөй, мыйзам боюнча депутаттардын келүүсү үчүн Токмоктун шаардык кеңешинин төрагасы жооптуу. Ал учурда кабинетте отурат, деп ишендиришти.

Токмоктун шаардык кеңешинин төрагасы Тынайбек Сансызбаев бир нече депутаттар менен байланышканын, алар жакын арада келип калаарын Kaktus.media редакциясына билдирди. Бирок, эмне үчүн көпчүлүк коалициясынын депутаттары толук курамда эмес, деген суроого жооп бере алган жок.

Депутаттар каттоодон өтө башташты. Көпчүлүк коалициясынын өкүлдөрү дале жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3195