Ысык-Көлдө экстремалдык унаа таймаштары өтөт
RU

Ысык-Көлдө экстремалдык унаа таймаштары өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-августта Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү Тоң районунун Дөң-Талаа айылына жакын жерде "Off-Road EXTREM фестиваль ATV 4x4" авто сынагы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар Kaktus.media сайтына билдиришти.

Мындай шоуну "Quadromanaki KG" клубу "Автотранспорт жана жол коопсуздугу федерациясы" менен Тоң районунун Акимиатынын колдоосунда уюштурууда.

"Off-Road EXTREM ATV 4x4" фестивалы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган ", - деп белгилешет авторлор.

Фестивалдын программасына "туризм жана спорт" категориясындагы джип, Enduro мотоцикл дисциплинасындагы жарыштар жана финалда ATVлердин мелдеши кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3198