Жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылып, толугу менен күйүп кеткен
RU

Жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылып, толугу менен күйүп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-августта таңкы саат 04:27 чамасында оор жүк ташуучу Mercedes-Gigant унаасы кырсыкка кабылып, толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек-Ош унаа жолунун 330-чакырымында Кетмен-Төбө айылында болгон авариянын натыйжасында өрт чыккан.

Эки өрт өчүрүү бригадасы келип, саат 11:10до өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Жабыркагандар жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3199