УКМК: Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды
RU

УКМК: Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК жүргүзгөн сотко чейинки бир нече териштирүүлөрдүн алкагында мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов фигурант катары өтүүдө. Мындай маалыматты ведомствонун басма сөз борбору таркатты.

Мамлекеттик комитет билдиргендей, "Тергөөнүн жүрүшүндө жасалган кылмыштардын жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-аракеттеринин комплекси жүргүзүлөт" деп жазган. "Жасалган кылмыштардын жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-аракет" деген сүйлөм эмнени билдире турганын УКМК тактаган эмес.

Бабановго, анын катышуусу менен тергөө иш аракеттеринин өндүрүшүн жүргүзүү үчүн чакыруу кагазы жөнөтүлгөн.

Белгиленген кылмыш иштери боюнча иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө маалымат туруктуу негизде коомчулукка маалым боло турганын УКМК убада кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/319