Октярь айында байкайбыз. Мэрия мектептердин толуп калышы боюнча жооп берди
RU

Октярь айында байкайбыз. Мэрия мектептердин толуп калышы боюнча жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы мектептерди жаңы окуу жылына даярдайт. Быйыл мектептерде окуучулардын нормадан ашыкча болуусу мурунку жылдардагыдай курч бойдон калууда.

Бишкекте 97 муниципалдык мектеп бар. Мэрия Kaktus.media сайтына быйыл Бишкектин мектептеринде 169 095 бала окуйт деп жооп берди. Ал эми биринчи класска 16 840 бала барышы мүмкүн.

Ошол эле учурда бул мектептердин долбоордук кубаттуулугу дээрлик 77 миң окуучулук орунду түзөт. Быйыл борбор калаанын мектептерине эки эседен ашык адам барат. Эң көп эл чогулган мектептер боюнча так маалыматтар октябрга чейин белгилүү болот.

Эске салсак, бул жылы окуу 15 -сентябрда башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3202