Бишкекте, Түштүк магистралдан өткөн жылкылардын үйүрү унаалардын жолун тороду
RU

Бишкекте, Түштүк магистралдан өткөн жылкылардын үйүрү унаалардын жолун тороду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Видеодо жылкылардын үйүрү, Түштүк магистралындагы Жаннат отелинен алыс эмес жерден өтүп жатканын көрсө болот. Алар айдоочулардын жолун тороп, жол кыймылынын жайлашына себепкер болушкан. Видеону Kaktus.media'нын окурманы жөнөткөн, анын айтымында окуя бүгүн, 7-январь күнү кечинде болгон.

Белгилей кетсек, мындай көрүнүш биринчи ирет болуп жаткан жок. 4-январда да окурмандардын бири, жылкылардын "Асанбай" кичирайонунда оттоп жүргөн сүрөтүн жөнөткөн. Кечирээк мэрия билдирүү жасап, жылкыларды таппай калганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/320