Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болду.
RU

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болду.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айбек Жунушалиев расмий түрдө мэр болду. Ал Бишкек шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болгон.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жашыруун добуш берүү менен дээрлик бир добуштан Жунушалиевди бул кызматка бекитти.

Сессияга 45 депутат катышып, добуш берди.

Жунушалиевге 43 адам добуш берип, экөө каршы болду.

Бүгүнтөн тарта Жунушалиевдин "милдетин аткаруучу" префикси алынып, расмий түрдө Бишкек шаарынын мэри болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3212