Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Айбек Жунушалиев эмнелерди убада кылды?
RU

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Айбек Жунушалиев эмнелерди убада кылды?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтүп жатат.

Бул үчүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кийинки сессияга чогулушту.

Шайлоону номиналдуу деп атоого болот, анткени тандоо үчүн көп киши жок.

Бул кызматка мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев гана талапкерлигин койгон. БШКга анын гана документтер тапшырылган.

Депутаттар добуш бере электе талапкер алардын ишенимин актайм деп убада берди.

Жунушалиевдин айтымында, ушул жылдын ноябрь айынын аягына чейин шаарды өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы киргизилет. Анда шаар тургундарынын пикири эске алынат. Жунушалиевдин пикири боюнча, төмөнкү багыттар приоритеттүү:

  • Таштанды. Мэриянын таштандыларды сорттоо системасын кайра карап чыгуу. Таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу.
  • Жол кыймылы. Кичи автобустарды экинчи көчөлөргө которуп, заманбап коомдук транспортту шаардын ичи менен ишке киргизүү.
  • Жылытуу мезгилине даярдык көрүү.
  • Жол оңдоо. Коррупцияны жоюп, ишти тездетүү.

Ал ошондой эле экономиканы өнүктүрүүнү жана экологияны сактоону убада кылды. Бул маселелер, анын ою боюнча, тез арада чечилбейт. Бирок, приоритеттүү болушу керек.

"Мен ишке ашпай турган убадаларды бербейм. Эч кандай бизнеске кызыкчылыгым жок. Бизнесмен эмесмин, эч качан болгон да эмесмин. Мэрияга иштөө үчүн гана келдим. Көпчүлүктү, атүгүл шаардык кеңешке кирбеген партиялардын өкүлдөрүн угууга даярмын", - деп жыйынтыктады ал.

Андан кийин депутат Казыбек Эргешов Жунушалиевден мындан мурун жарыяланган жарандарды кабыл алуу кандай өткөнүн сурады.

Талапкер, жети адам катталганын, бирок андан да көбүрөөк келгенин айтты. Ал кабыл алам деп убада бергендиктен, 30 адамды кабыл алды.

"Жаңы конуштан 20 кишиден турган топ келди. Мен баары көйгөйлөр менен келет деп ойлогом, тескерисинче алар таң калдырып, идеялары менен келишти. Ишимде эске ала турган сунуштар көп болду. Жардам сурагандары да болду. Айрымдарына ошол эле күнү жардам бердик ",- деди ал.

Эргешов адамдарды кеңседе кабыл албоону, аларга барып көйгөйлөр менен жеринде таанышууну кеңеш кылды. Джунушалиев анын пикирине кошуларын билдирди.

Дагы бир депутат Гүлназ Халилова көп жылдан бери жер тилкелерине документтерин ала элек Төкөлдөштүктөрдүн көйгөйүн көзөмөлгө алууну суранды.

Ал бул маселе кан төгүүгө алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Джунушалиев маселени чечүүгө убада берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3213