Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болуп шайланды
RU

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болуп шайланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-августта Токмок шаардык кеңешиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев мэр болуп шайланды.

Самаевге шаардык кеңештин 19 депутаты добуш берди. Анын атаандашы Азат Кубатбек уулу болгон. Ага добуш бергендердин саны такталууда.

Самаев бүгүн Kaktus.media сайтына берген маегинде биринчи кезекте шаардын көчөлөрүн таза кармоо экенин айтты. "Мен Токмоктун жана анын тургундарынын жыргалчылыгы үчүн күнү-түнү иштейм. Буюрса ишенимди актайм деп ишенем", - деди жаңы мэр.

Белгилей кетсек, Токмоктон айырмаланып, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо атаандашсыз өткөн. Ал жерде Айбек Жунушалиев жана Алмаз Мамбетов жеңишке жетишти.

Токмокто көпчүлүк коалициянын депутаттарынын эки саатык кечигүүсүнө байланыштуу шайлоо кечигүү менен башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3216