Владислав Шулико 160 киломметрди сүзүп өттү. Анын апасы сарысанаа болуп бүтмөй болду
RU

Владислав Шулико 160 киломметрди сүзүп өттү. Анын апасы сарысанаа болуп бүтмөй болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык сүзүүчү Владислав Шуликого дагы 20 киломметрди сүзүп өтүү калды. Ал Ысык-Көлдүн 160 киломметрин багындырды.

Эске салсак, спорттун чебери кезектеги рекордду коюу үчүн Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүнү чечкен. Анын эсеби боюнча буга 4-5 күн кетмек.

Ал 22-август күнү, эртең менен саат 07:30да Каракол шаарынан старт алган. Финиш Балыкчыда болот.

Владислав көлдө сүзүп бараткан чакта анын апасы Татьяна Шулико, сарысанаанын айынан өзүнө жер таппай турган кези. Ал сезимдери жөнүндө Kaktus.media редакциясына айтып берди.

"Эмоцияларым, бири-бирине карама-каршы. Анын мойну шишип, гидрокостюму айрылып калыптыр, деп жазып жатышат. Көрсө, кечээ болгон окуя экен, азыр бардыгы жайында. Шок болуп жатам. Мен аял катары мындайдын эмне кереги бар эле, деп түшүнбөй турам. Бирок спортсмен-эркектердин мээси башкача болот окшойт. Балким, эч ким эч качан жасай албаган ишти биринчи ишке ашыруу соонун болсо керек. Бирок мен стресс болуп жатам. Өзүмдү алаксытайын деп, ремонт баштап алгам. Чынында үйүбүз оңдоп түзөөгө муктаж деле эмес болчу", - дейт Татьяна.

Апасынын айтымында Влад ар дайым тобокелчиликти сүйгөн бала болчу. Эки уулун бассейнге бала кезинде эле ата-энеси жаздырган. Бирок улуу баласы сууда сүзүүгө анчейин кызыккан жок, ал эми Владислав ошону менен жашайт.

Беш жашынан бери сууда сүзөт. Биринчи жолу келгенде, эң бийик вышкага чыгып алып, ошол жерден секирип кеткен. Элестеттип атасыңарбы, анын мүнөзү кандай экенин?!

Татьянанын ою боюнча, Влад атайы Ысык-Көлдү сүзүп өтүүнү ойлоп тапты. Анын жашоосунда драйв жетишсиз болуп жатат. Мелдештер, спорттук иш чаралар көбүрөөк болсо, мындайга барбаса керек эле.

"Бирок каржылоо жетишсиз. Буга чейин стипендия төлөп турушчу, азыр берилбей калган. Мелдешке катышуусун өзүбүз каржылайбыз. Азыр каражаттын бардыгы күрөшкө кетип жатпайбы, сууда сүзүү спортуна көңүл бурулбайт", - деп Татьяна даттанды.

Владислав көлдү сүзүп өтөм деген сөздөрду баштаганда, апасы каршы болгон эмес. Анткени ал эл катары туурасынан сүзүп өтөт, деп ойлогон. Бирок узунунан өтө турганын билгенде караманча-каршы болду.

"Атабыз да спорттун чебери. Өткөн жылы командасы менен эстафета уюштуруп, туурасынын сүзүп өтүшкөн. Ал сегиз саат тынбай сүзгөндө өлүп калайын деп жаздагам, деген болчу. Жолдошумдун айтымында, уулубуз эмнени баштап алганын аңдабай турат. Ысык-Көл биз аны жээктен көргөндөгүдөй эмес", - деди апасы.

Уулуна акыркы чакырымдарды сүзүү оңойго турбайт. Колдору талып, ооруну басуучу укол жасашыптыр.

"Азыр өңү жакшы, көзү жылтылдап турат. Кичине эле калды. Биз СМС жазып, тынчын албай туралы деп чечтик. Ал суудан чыгып, аман-эсен экенин жазат. Мындай тобокелчиликке биринчи жолу барып жатат. Бирок ал алдын ала даярдык көргөн болчу. Анткени өмүр бою күнүнө 4 саатан кем эмес сүзүп көнүп калган. Анын максаты Париждеги Олимп оюндарына катышуу", - деп Татьяна айтып берди.

Татьянанын айтымында, азырынча сыймыктануу же кубануу сезими келе элек. "Мен бир гана нерсени каалап турам, уулумду үйгө алып кетип, кучагыма кыскым келип жатат".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3217