Бишкектин жаңы мэри курулуш бизнесиндегилер менен тил табышкысы келбейт
RU

Бишкектин жаңы мэри курулуш бизнесиндегилер менен тил табышкысы келбейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын жаңы мэри Айбек Жунушалиев кызматка шайлангандан кийин маалымат жыйынын берди.

Журналисттер ага көйгөйлөрдү кантип чечип, курулуш бизнесиндеги ири ишкерлер менен кандай мамиледе болоорун сурашты. Жунушалиев алар менен иштешүү планында жок экенин билдирди.

"Мен курулуш бизнесинин магнаттары менен тил табышуунун кажети жок деп эсептейм. Бардык курулуш иштери мыйзамдын чегинде жүргүзүлөт. Ал эми кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, алар мыйзам чегинде чечилет",- деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3218