Айбек Жунушалиев: Мен атактуу болгудай актёр эмесмин. Бирок, мен иштедим.
RU

Айбек Жунушалиев: Мен атактуу болгудай актёр эмесмин. Бирок, мен иштедим.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26 -августта Айбек Жунушалиев расмий түрдө Бишкек шаарынын мэри болду.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары анын талапкерлиги үчүн дээрлик бир добуштан добуш беришти - бул шайлоодо көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болчу.

Белгилей кетсек, Жунушалиев мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганга чейин ал тууралуу маалыматтар аз бар болчу.

Жунушалиевдин айтымында, анын эмгектери көрүнбөй жүргөн.

"Мен атактуу болгудай актёр же башка белгилүү киши эмесмин. Мен жөн гана мамлекеттик кызматкер болчумун, эми саясий муниципалдык кызматты аркалайм. Ишенсеңиз, пресс-конференция бербеген көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер бар. Бирок алар өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз милдеттерин аткарып келишет. Муниципалдык жана мамлекеттик кызмат- бул жамааттык иш. Анын натыйжасын өзүно гана таандык кылган туура эмес", - деди ал.

Джунушалиев өзүнүн командасы менен Баткенде иштегенин түшүндүрдү.

"Мен министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп турганда, Баткен облусунун статусун берүү боюнча иштер менен активдүү алектендик. Мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны ЖК үч окууда жактырды. Ал азыр бекитүү стадиясында. Бул күнүмдүк мээнетти талап кылган майда жумуш. Мамлекеттик кызматта бүгүн баштап эртең бүтүрүп коё турчу иш жок. Бул түйшүктүү жана системалуу иш. Мен дагы мэрияда команда менен чогуу иштөөгө даярмын ", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3219