Жарым жыл ичинде Жапаровго болгон ишеним кескин төмөндөдү. Ташиевгечи?
RU

Жарым жыл ичинде Жапаровго болгон ишеним кескин төмөндөдү. Ташиевгечи?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандыктардын президент Садыр Жапаровго болгон ишениминин деңгээли төмөндөп баратат. Буга Эл аралык республикалык институттун (ЭРИ) социологиялык сурамжылоосунун маалыматтары далил.

ЭРИ дайыма кыргызстандыктар арасында социологиялык сурамжылоо жүргүзүп, маанилүү саясий процесстер боюнча пикирлерди жарыялап турат. Сурамжылоонун бири жарандардын саясатчыларга болгон ишениминин деңгээлине байланыштуу болду. Октябрь окуясынан кийинки үч сурамжылоонун жыйынтыгын салыштырганда Садыр Жапаровго элдин ишеними азайып баратат деген жыйынтыкка келишкен.

Ошентип, 12-21-декабрда өткөрүлгөн сурамжылоодо жарандардын 51%ы Садыр Жапаровго ишенимин билдиришкен. Ошол учурда ал премьер-министр болчу жана президенттикке ат салышмакчы болгон. Камчыбек Ташиевге болгон ишенимдин деңгээли ал кезде 11% болчу.

21-февралдан 5-мартка чейин жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, азыр респонденттердин 38% гана президент Садыр Жапаровго ишенет. Бирок Камчыбек Ташиевге тескерисинче ишеним артып, 21%ды түзгөн.

6-16-июлдагы сурамжылоонун жыйынтыгы бул тенденцияны тастыктайт. Садыр Жапаровго суралгандардын 32% гана ишенет. Бул дээрлик мурунку ишенгендердин жарымын түзөт. Камчыбек Ташиевге болсо ишенүү жогорулап 24%ды түздү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3223