"Мен тирүүмүн". Акжол Махмудовдун апасы анын өлүмү тууралуу имиштер жалган экенин айтты
RU

"Мен тирүүмүн". Акжол Махмудовдун апасы анын өлүмү тууралуу имиштер жалган экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

SUPER.KG порталына Токио-2020 жайкы Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси, кыргыздын сыймыктуу уулу Акжол Махмудовдун апасымын деп Таңсулуу Айдарова кайрылды. Анда ал жалпыга маалымдоо каражаттарында Акжолдун апасы бир канча жыл мурун каза болгон деген жана башка туура эмес маалыматтар тарап жатканын айтып, так маалыматтарды айтып коюуну туура көргөнүн билдирди.

Акжол Махмудов Мухамед Махмудов жана Тансулуу Айдрованын беш баласынын үчүнчүсү. Анын эки агасы, эки карындашы бар. 2018-жылы sputnik.kg'ге берген интервьюларынын биринде "Апам кичүү карындашым төрөлгөндөн бери жок. Бул тууралуу кеп кылгым келбейт", - деп айтканы бар.

Акжол Махмудов, жакында эле өзүнүн социалдык баракчасына пост жарыялап, анда атасы, эжеси жана машыктыруучусуна ыраазычылык билдирген. Мен ушул адамдарга рахмат айтам. Силердин тарбияңар менин ийгилигимдин пайдубалы, деп спортчу жазган.

"Балам тарыхта калгандан кийин ал тууралуу туура маалыматтар айтылышы керек деп ойлойм. Ошол үчүн мен тууралуу айтылган кептерге жооп берип коёюн деп чечтим.

Аты-жөнүм Таңсулуу Айдарова, Акжол Махмудовдун апасымын. Биз 1993-жылы турмуш курганбыз. Турмушта ар кандай жагдайлар боло берет экен... Тилекке каршы, 2005-жылы ажырашып кеттик. Биздин ортобузда 3 уул, 2 кыз бар. Бердике баатырдын урпагымын", - деди Таңсулуу Айдарова.

Ошондой эле Таңсулуу Айдарова Акжолдун кичинекей кезиндеги кыял-максаттары жөнүндө айтып берди.

"Акжол Бишкек шаарындагы №2 төрөтканада 1999-жылы 15-апрелде төрөлгөн.

Акжол кичинекей кезинде зирек, максаты чоң, тазалыкты сүйгөн, боорукер бала болчу. Чоңойгондо сонун көйнөктөрдү алып берем, ошолорду киесиз деп айтып калчу. Сыймык экөөнүн окшош оюнчуктары (конструктор) бар эле. Экөө тең ошолордун ичинен өздөрүнүн фигураларын тааный алышчу.

Алгач Бишкектеги бала бакчага барышты. Акжол агасы Сыймык экөө чогуу бир тайпага барышкан. Алардын тарбиячысынын аты Ширина Имашова болчу. Аны Акжол "Ширина Имашина" деп айтып калчу. Тарбиячы "Таңсулуу, балдарыңды айтчы башкалардын алдында минтип айтпасын" деп калчу. Балдарыма туура аталышын айтсам "апа, сиз жакшылап уксаңыз баары эле ошентип айтышат" деп калышчу. Кийин эжейи ага дагы көндү "мейли, айта беришсинчи деп калды".

Балдарды бала бакчага алып баргандан кийин көп кабаттуу үйлөрдүн подъездерин жууп иштечүмүн.

Ошол убактарда телевизордон алтынчы күндөрү "Арноо концерти", "Ала-Тоо таңшыйт" деген концерттерди берер эле. Ошолорду көрчүмүн. Концерт башталганда "Апажаным, концертиңиз башталды, кирип көрүп алыңыз" деп уруксат беришер эле. Мен телевизор көргөн соң алар кайрадан мультфильм көрүп отуруп калышчу.

Акжолдун кичинекей кезиндеги бир окуяны айтып берейин. Бала бакчада тарбиячысы Акжолго үйгө кийген тапичкесин кийгизе албай кыйналчу экен. Ал эми бакчада бүтүрүү кечеси болуп, балдардын баары ак көйнөк, туфли кийип чыкса, Акжол туфлисин чечип үйгө кийген тапичкесин кийип чыгып алып жатпайбы. Эжейи күлүп, таң калган болчу.

Балдарымдын кылык-жоруктарын баарын сүрөткө тартып, чогултуп койчумун, Тилекке каршы, кийин балдарым атасында калды, менде алардын сүрөттөрү калды... Балдарым менен ар кандай себептерден улам катташпай калдым.

Акжолдун күрөштөрүн көп деле көрбөйм. Жүрөгүм чыдабайт. Күрөш бүткөндөн кийин тааныштардан кандай болду, жаракат алган жокпу деп сурап алам. Алар баарын айтып беришет. Ал кандай медаль алганы көп деле маанилүү эмес. Мен үчүн эң негизгиси Акжол жаракат албаса эле болду", - дейт Айдарова.

Мындан тышкары балдарынын спортко болгон талантын байкап, үй ичинде бош убакыт боло калганда Акжол менен Сыймыкты күрөштүрүп турганын кошумчалап өттү.

"Бош убакыт боло калганда Акжол менен Сыймыкты күрөштүрүп калчумун. Неберелеринин спортко болгон шыгын көрүп таятасы Кудайберди Ноокат районунан Тойто балбандын ташын алып келип, спорт залына белек кылган.

Балдарды сүннөткө отургузуу ырымын жасаганда үйдө эч ким жок, дарыгер чакырып келип, отургузгам... Кийин мени ыза кыла турган жагдайлар жаралды, ыза болдум, ажырашкандан кийин ошол учурда туура кылган экенмин деп ойлондум. Менин оюм, балдарым жаштык кылып сүйлөгөн сөздөрүнө кайгырбай баштарын бийик көтөрүп жүрүшсө дейм. 12 жыл балдарымды карап, мээрим төккөнүмө, кам көргөнүмө өкүнбөйм.

Мен тууралуу ар кандай маалыматтар чыгып жатат деп айтпадымбы. Алардын ичинен балдарын таштап кетти деп жатышат. Балдарды таштап кеткен эмесмин... Кайын сиңдим өзүм карайм деп Ошко алып кеткен...(ред. ыйлап)", - деген Таңсулуу Айдарова көп жылдардан бери Москва шаарында экенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3240