Кыргыз эстрадасындагы кайсы ырчы мырзаны эң популярдуу деп эсептейсиз?
RU

Кыргыз эстрадасындагы кайсы ырчы мырзаны эң популярдуу деп эсептейсиз?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мирбек Атабеков 2007-жылы "Сени гана" деген ыры хитке айланган. Андан кийин чыккан "Не моя" чыгармасы Кыргызстандын орус тилдүү угармандарынын да көңүлүн буруп, сүйүктүү ыры болчу. Хит артынан хит жаратып, Кыргызстандын эн атактуу ырчысына айланды. А тургай Мирбектин ырларын коңшу Казакстандын ырчылары да ырдап чыгып, бир топ ийгиликтерге жетишкен. Учурда Атабеков үй-бүлөлүү. Анын жубайы Мээрим Төлөпберген блогер. Жубайлардын бир уул эки кызы бар.

Нурлан Насип Алгач сахнага 2008-жылы "Жаным" аттуу ыры менен чыккан. Өзүнүн алгачкы жеке концертин 2011-жылы элге тартуулап, 2012, 2013, 2014-жылдары "жылдын эң мыкты ырчысы" наамына ээ болгон. 2014-жылы "Браво" кинокамедиясы тартылып анда Нурлан Насип башкы каарманды ойногон. 2018-жылы ырчы Асел Кадырбековага баш кошуп, Дария аттуу кыздуу болушкан. Ушул жылдын башында түгөйлөр ажырашканы белгилүү болду.

Эрлан Андашев "Сүйүп калдым кантейин", "Сагындырба" деген ырлары менен элге таанылган. Ортодон Америкага эмиграцияга кетип, чыгармачылыгында тыныгуу болду. Бирок акыркы эки жылдан бери океандын ары жагында болгонуна карбастан, сериалга саундтрек жаздырып, жаңы ырларын чыгарып, клип тарттырды. Youtube'да анын клиптери миллионго чукул киши көрүп, миңдеген лайк чогултат. Жубайы Перизат экөөнүн бир кыз, бир уулу бар.

Абир Касенов романтикалык ырлары менен элге белгилүү. Анын "Образ твой", "Вера в любов", " Доверие", "Принцесса" деген ырларын cүйүп угушат. Абир чыгармаларынын сөзүн да обонун да өзү жазат. Гитара менен көп ырдап жургөнү белгилүү. Абир үйлөнгөн, бирок үй-бүлөсү тууралуу көп маалымат берүүнү туура көрбөйт.

Омар (Өмүрбек Шейшенбекович) "Кош жүрөк", "Энекем", "Булбулум" жана "Кыргызстаным" атуу ырлары менен таанымал. Ал алгач 2006-жылы "Алтын үн" грамотасын алган. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин "Маданияттын отличниги" ордени менен сыйланган. Ал эми 2017-жылы "Silk Way Star" сынагында жеңүүчү болгон. Дагы башка сыйлыктары да бар. Ал бир гана кыргыз тилинде эмес, орусча жана англисче да ырдайт. Учурда Жубайы Диана менен бир кызды тарбиялап жатышат.

Кайрат Примбердиев вокалдык чеберчилиги менен бир топ ийгиликтерди багындырды. Ал "Главная сцена", "Голос" сыяктуу телеберүүлөрдүн аркасы менен Россияда атактуу болгон. Жада калса конкурстагы калыстардын бири чогу ырдайлы деген сунушун да айткан. Кайрат Примбердиев музыкалык билим алган эмес. Аны тубаса талант, деп айтууга болот. Дима Билан да аны өз командасына кошууну каалаган.

Аваз Акимов алгач "Айганыш" деген ыры менен элге таанылган. Ошондой эле "Муйдусунан өбөйүн", "Жүрөгүм", "Түштүк кыз", деген ырлары көпчүлүктүн сүймөнчүлүгунө айланган. Ал Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Ырчы айым Айдана Дека менен көп жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Учурда бир кызды тарбиялап, өстүрүп жатышат.

Данияр Эрматовдун "Токто жаным" атуу ыры хит жараткан. "Билем Жактырасың", "Кечир мени", "Сенин күлкүң", "Жалгызым", "Жүрөгүм", "Неге?" деген ырлары да көп угарман топтой алган. Ырчылыктан сырткары тасмаларга продюсерлик кылып, актёрлук менен да алектенет. "Салам, Бишкек!" аттуу тасманын продюсери болсо, "Салам, Бишкек!-2" тасмасында роль жаратканга үлгүргөн. Жубайы Айсалкын экөөнүн бир кызы бар.

Арсен "Тагдырың сага жазганда", "Жаным", "Сени издеп", "Алия" атуу ылары менен белгилүү. Ал алгач Омардын концертинде ырдап чыгып элге тааныла баштаган. Орусча, англисче ырларды да ырдап турат. Арсен жубайы Бегайым менен интернет аркылуу таанышканын айтып жүрөт. Жубайлар учурда эки кызды тарбиялап келишет.

Нурмат Садыров "Торгоюм" атуу ыры менен белгилүү. Андан тышкары "Сага", "Келчи", "Кыргыз кыздары" деген ыры көп угуучуну топтой алган. Алгачкы кадамдарын "Сени көрүп өзгөрдүм", "Көздөрүң сенин", "Жазым", жана башка ырланына клиптерди тартыруу менен баштаган. Нурмат Садыров үй-бүлө кура элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3242