Кайсы өлкөнүн жарандары Кыргызстандан үй сатып алышат? Тизме
RU

Кайсы өлкөнүн жарандары Кыргызстандан үй сатып алышат? Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигине караштуу "Кадастр" мамлекеттик мекемеси Kaktus.media редакциясына чет элдик жарандардын Кыргызстанда канча мүлкү бар экенин билдирди.

Эске салсак, биздин өлкөдө чет элдиктерге белгилүү категориядагы кыймылсыз мүлк сатып алып, ага ээлик кылууга уруксат берилген.

Чет элдиктер сатып алган үйлөрдү учетко алуу 1992-жылдан бери жүргүзүлөт. Россия, Казакстан жана Кытайдын жарандары Кыргызстанда мүлк сатып алуу жагынан сап башында турушат.

2021-жылы Түркиянын жана Афганистандын жарандары активдеше башташкан. Бирок мурдагыдай эле россиялыктар лидер бойдон калышты.

2021-жылга карата кырдаал төмөнкүдөй:

  • Россия - 15 миң 881 кыймылсыз мүлк бирдиги
  • Казакстан - 3 миң 87 кыймылсыз мүлк бирдиги
  • Кытай - 664 кыймылсыз мүлк бирдиги
  • Германия - 470 кыймылсыз мүлк бирдиги
  • Түркия - 427 кыймылсыз мүлк бирдиги

Кыргызстанда 54 өлкөнүн жарандары кыймылсыз мүлк сатып алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3248