Таласта президенттин катышуусунда өткөн иш чарада каскадёр жаракат алды
RU

Таласта президенттин катышуусунда өткөн иш чарада каскадёр жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, Таласта өтүп жаткан иш-чарада каскадер жабыркады. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу жазып чыкты

Ал ат үстүндө от менен оюн көрсөтүп жатып кулап түшкөн учурда ат сүйрөп кеткени кабарланды. Аймактагы кабарчыбыздын маалыматына ылайык, жабыркаган чабандес "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын бети күйүп, акыреги сынганын маалымдашты.

29-августта, Таластагы "Манас ордо" улуттук этно комплексте өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган "Урааным Манас!" деп аталган театрлаштырылган салтанат болуп өттү. Иш-чарага мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3275