УКМК 250 миң АКШ доллар опузалаган эки жарандык активистти камакка алышты
RU

УКМК 250 миң АКШ доллар опузалаган эки жарандык активистти камакка алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргыз Темир Жолу" УК Мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган граждандык активисттер кармалды. Мындай маалыматты комитеттин басма сөз кызматты таркатты.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Д. аттуу КР жарандары Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.

Анын жыйынтыгында "Кыргыз Темир Жолу" Улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү максатында М.А. жана У.Дга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын бергенге аргасыз болушкан.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланууда, деп пресс-релизде жазылган.

УКМК эскертет! Эгерде жарандарда акча талап кылуу жана коркутуу боюнча ушул

сыяктуу фактылар болсо, КР УКМК Коррупцияга каршы кызматынын 0312 66-00-20 жана 0501-66-00-20 (WhatsApp, Telegram) ишеним телефондоруна кайрылса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/327