Улуттук гвардиянын аскери Суусамырдан Бишкекке чейин чуркап келди
RU

Улуттук гвардиянын аскери Суусамырдан Бишкекке чейин чуркап келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-августта, мурда Суусамыр өрөөнүндө ультрамарафондо старт алган Улуттук гвардиянын офицери Кайратбек Рапиев Бишкекте аяктады.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, финиште, Ала-Тоо аянтында марафончу командир полковник Талант Эргешов, КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук Гвардиясынын өздүк курамы жана башкалар тосуп алышты.

"Бул ультрамарафон Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлери ар тараптуу даярдалып, Мекенибиз ишенимдүү коргоого алынгандыгынын дагы бир далили", - деп айтылат Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, жоокер 30-августта чуркоосун баштап, 150 чакырымга чуркаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3295