Ош облусун райондорго бөлүү көйгөй жаратууда. Түрдүү сунуштар айтылып жатат
RU

Ош облусун райондорго бөлүү көйгөй жаратууда. Түрдүү сунуштар айтылып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттик шайлоо аралаш система боюнча 28-ноябрда өтөт. 36 бир мандаттуу талапкердин райондору 6-сентябрга чейин аныкталууга тийиш.

Жумушчу топ калк жыш жайгашкан Ош шаары жана Ош облусунун райондорун бөлүштүрүүдө көйгөйлөр бар экенин айтат.

Ош Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан. Шаарды бөлүү, аймакка кошулуу жана аймактын өзүн бөлүштүрүү да талкууланып, ар ким өз сунушун билдирди. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Kaktus.media сайтына айтып берди.

Бекматов жумушчу топтун курамына облустун жана райондордун өкүлдөрү киргенин эске салды.

Kaktus.media редакциясына белгилүү болгондой, бир мандаттуу округдарга бөлүнүүнүн төмөнкүдөй варианттары бар:

1-вариянт

  • Алай шайлоо округу - 82 032 шайлоочу (Чоң-Алай району, Алай району жана Кара-Суу районунун бир бөлүгү).
  • Кара-Кулжа шайлоо округу - 94 751 шайлоочу (Кара-Кулжа жана Өзгөн районунун бир бөлүгү).
  • Өзгөн шайлоо округу (Өзгөн району).
  • No1 Кара-Суу шайлоо округу - 89 789 шайлоочу (Кара-Суу районунун бир бөлүгү).
  • No2 Кара-Суу шайлоо округу - 101 443 шайлоочу (Кара-Суу районунун бир бөлүгү).
  • No1 Ош шайлоо округу - 111 559 шайлоочу (Оштун бир бөлүгү жана Кара-Суу районунун бир бөлүгү).
  • No2 Ош шайлоо округу - 89 823 шайлоочу (Оштун бир бөлүгү жана Кара -Суу районунун бир бөлүгү).
  • Араван шайлоо округу - 112 316 шайлоочу (Араван району жана Ноокат районунун бир бөлүгү).
  • Ноокат шайлоо округу - 119 087 шайлоочу (Ноокат району).

Кара-Суу аймагы төрт бөлүккө бөлүнгөн. Өзгөн району да экиге бөлүнөт. Ал райондон талапкерлердин шайлоого катышуусун кыйындатат.

2-вариянт

  • Ош шайлоо округу - 110 500 шайлоочу (Ош).
  • Төлөйкөн шайлоо округу - 118 479 шайлоочу (Оштун бир бөлүгү жана Кара -Суу районунун бир бөлүгү).
  • Кара-Суу шайлоо округу - 100 604 шайлоочу (Кара-Суу районунун бир бөлүгү).
  • Алай шайлоо округу - 94 655 шайлоочу (Чоң-Алай району, Алай району, Кара-Кулжа районунун бир бөлүгү).
  • Мырза-Аке шайлоо округу - 113 068 шайлоочу (Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун бир бөлүгү).
  • Куршаб шайлоо округу - 110 495 шайлоочу (Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун бөлүктөрү).
  • Араван шайлоо округу - 91 029 шайлоочу (Араван районунун бир бөлүгү, Кара-Суу районунун бөлүгү).
  • Көк-Жар шайлоо округу - 80 426 шайлоочу (Араван районунун бир бөлүгү, Ноокат районунун бир бөлүгү).
  • Ноокат шайлоо округу - 82006 шайлоочу (Ноокат району).

Мындай бөлүштүрүү менен маанилүү региондор Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Ноокат бөлүнүп жатканы көрүнүп турат.

Акыркы карталар 6-сентябрга чейин тапшырылат.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоонун жаңы системасы боюнча депутаттар бир мандаттуу округдарда, ошондой эле партиялык тизме менен шайланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3308