70% вакцина алды. Мугалимдер эмдөөнүн керектүү деңгээлине жетти
RU

70% вакцина алды. Мугалимдер эмдөөнүн керектүү деңгээлине жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бала бакчанын кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы эмдөөгө эң жооптуу болгон.

Билим берүү министрлигинин мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлшан Абдылдаеванын айтымында, 27-августка карата мектепке чейинки уюмдардын кызматкерлеринин 82,7%ы COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн. 69,25%ы мугалимдер жана мектеп жумушчулары, 79,7%ы - баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, 59,7%ы - орто кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, 36,5%ы - жогорку окуу жайлардын кызматкерлери.

"Бул 27-августка карата маалыматтар. Ал эми бүгүнкү күндө мугалимдердин 70%ы вакцина алды. Бул мектептерде салттуу форматта окутууну баштоо үчүн жетиштүү. Бала бакчалардын кызматкерлери эмдөөдөн өтүүнү май айында башташкан", - деди Абдылдаева Kaktus.media сайтына.

Ал эмне үчүн окуу жылынын башталыш күнү 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдырылганы боюнча да комментарий берди.

Мектеп жумушчуларынын жок дегенде 70%ы эмдөөдөн өтүшү керек болчу. Иммунитетти калыптандыруу үчүн убакыт керек. Бул жерде мугалимдердин ден соолугу маанилүү. Анткени балдар жугуштуу ооруларды бат жуктуруп алышат. Туристтик сезондун узартылышы же талаа иштеринин буга тиешеси жок.

Адис эмне үчүн окуу жылынын башталышы менчик мектептер үчүн да кийинкиге жылдырылгандыгын түшүндүрду. Ал менчигине карабастан бардык билим берүү мекемелери үчүн бирдиктүү программа жана мамлекеттик стандарт бар экенин белгиледи.

"Жылдын бирдиктүү башталышы бизге бул программалардын аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет", - деп кошумчалады Абдылдаева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3316