Кош бойлуу аялды уруп, ага кызытылган зым менен тамга баскан адам соттолду
RU

Кош бойлуу аялды уруп, ага кызытылган зым менен тамга баскан адам соттолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эркек киши кош бойлуу өнөктөшүн шылдыңдап, кызытылган зым менен денесин күйгүзүп ар кандай тамгаларды жана белгилерди түшүргөн. Ноокен райондук сот аны 15 жылга эркинен ажыратты. Бирок, ал өкүмгө макул эмес. Ага каршы даттануу ниети бар. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы "Справедливость" укук коргоо уюмунан билдиришти.

"Справедливость" уюмунун адвокаты Алмаз Ибраимовдун айтымында, 28 жаштагы Т.И.ге Кылмыш-жаза кодексинин беш беренеси боюнча айып тагылган:

  • "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер";
  • "Кыйноо";
  • "Эркинен мыйзамсыз ажыратуу";
  • "Купуялыкты бузуу";
  • "Бейбаштык".

Соттолуучу жалпы кылмыштар үчүн 15 жылга эркинен ажыратылды. Иштин материалдарынан көрүнүп тургандай, ал узак убакыт бою өзүнүн өнөктөшү 34 жаштагы Жамиляны (аты өзгөртүлдү) кыйнап, мазактап келген.

Т.И Жамиляны башка адамдардан кызганып, ага кимдир бирөө телефон чалганда сабап салчу.

"Бир жолу Жамиляны башка уруп, ал жыгылганда колдорун артына байлап койгон. Андан кийин кызытылган зым менен аялдын көкүрөгүнө И деген тамганы жазган. Ал эми жамбашына жана жыныстык органынын үстүнө жүрөк түрүндө белги баскан. Мунун баарын аялдын кыйкырганына карабай жасачу. Ошол эле учурда, эгер ал башка бирөө менен жолукса, аны да, ага жолуккан эркекти да өлтүрөөрүн эскертчү.

Т.И Жамиляны кыйнап жаткан кезде ал кош бойлуу экен.

Мындан тышкары, Т.И. сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерин телефонго тартып, аялдын туугандарына жөнөткөн. Видеону интернетке чыгарам деп коркуткан. Ошондуктан Жамиля жарандык өнөктөшүнүн бейбаштыгы тууралуу көпкө чейин эч кимге айта алган эмес", - деп укук коргоочу уюмдан билдиришти.

Укук коргоочулар тергөө канчалык тез жана сапаттуу жүргүзүлгөнүнө канааттанышты. Ал эми Ноокен райондук прокуратурасынын көзөмөл органы бул беш берене боюнча кылмыштын квалификациясын колдоп берген.

Бирок, соттолгон адам бул өкүмгө макул эмес жана анын өкүмүнө даттануу ниети бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3317