"Мен бул "истерика" боюнча комментарий бербейм. Крестинин Байматовдун сыны тууралу
RU

"Мен бул "истерика" боюнча комментарий бербейм. Крестинин Байматовдун сыны тууралу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин футболчу Азамат Байматовдун курама командага жана Кыргыз Футбол Биримдигине (федерациясына) карата айткан сын-пикирин "истерика" деп атады.

"Мен бул боюнча комментарий бергим келбейт",- деди ал "Үч Улуттун Кубогунун" пресс-конференциясы учурунда.

Машыктыруучу белгилегендей, Байматовдун айткандары чындыкка дал келбейт.

"Азыркы мезгилде элдин баары этикалык нормаларды сактабай, логикага туура келбесе да өз пикирин айта берет. Учурдагы замандын көйгөйү - квалификациясы төмөн бирок, мотивациясы жогору адамдардын көп болгондугунда",- деп кошумчалады Крестинин.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандын курама командасынын мурдагы капитаны жана оюнчусу Азамат Байматов өлкөнүн футбол федерациясын жана Кыргызстандын курама командасын бир нече жолу сындаган. Ал кыргыз футболунун кыйрап жок болгону үчүн федерациянын жетекчилиги отставкага кетиши керек деп эсептейт. Андан сырткары өзгөрүүлөр жана жаңы кадрлар керектигин жана айрым машыктыруучуларды кызматтан алуу зарылдыгы бар экенин кошумчалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3319