Алты президент тартылган сүрөттүн эскизи интернетке чыкты. Анда Жапаров башкача тартылган
RU

Алты президент тартылган сүрөттүн эскизи интернетке чыкты. Анда Жапаров башкача тартылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Гапар Айтиев атындагы көркөм музейинде "Ата-Бейит" сүрөтүнөн тышкары анын эскизи да коюлган. Социалдык тармактарга картинанын фотосүрөтү жайылып кеткен. Бул вариант, финалдык версиядан кыйла айырмаланат.

Көзгө урунганы, Роза Отунбаеванын ачык түстөгү пальто кийип турганы, ал эми Садыр Жапаровдун бийликке келген алгачкы күндөрүндөй галстугу жок. Ал бир аз капталдап туруп, мурунку президенттерди карап тургандай.

Картинанын автору Таалайбек Усубалиев Kaktus.media'га бул айырмачылыктардын себебин түшүндүрдү. "Баштапкы вариантында Роза Отунбаева ак пальто кийип турган болчу, бирок арттагы фон да ачык болуп, жакшы көрүнбөй калат экен, анын үстүнө ачык түс фигураны толук көрсөтөт, ошондуктан кара түскө өзгөрткөм. Ал эми Садыр Жапаров жөнүндө айта турган болсом, мурунку президенттерди карап, алардын тажрыйбасын эске алып, кетирген каталарын кайталабайын деген ниетте карап турганын тартайын деп пландап жаткам. Бирок, кийинчерээк, алдыга каратып тартууну чечтим. Анын президенттиги келечекке үмүт артып кароонун символу болсун деп. Образдарды издөө, аларды өзгөртүү - сүрөтчүлөр үчүн катардагы көрүнүш", - деп сүрөтчү айтып берди.

Эске салсак, "Ата-Бейит" картинасы коомчулукта резонанс жараткан. Анда көрүстөнгө коюла турган гүл чамбарды карап Кыргызстандын алты президенти турат. Арткы фонунда боз түстө өлкөнүн элеси тартылган. Интернет колдонуучулар мурунку лидерлер өлкөнү кууратып салышты, деген билдирүүнү көрүп, сүрөттү "Кыргызстанды жерге берүү" деп атап алышкан. Картинанын автору мааниси башка болчу, деп айткан. Ал эми Маданият министрлиги сүрөттү көргөзмөдөн алып салуу аракетин көргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3327