Нурийпа Муканова жол кырсыктарынан улам эки министрликти сынга алды
RU

Нурийпа Муканова жол кырсыктарынан улам эки министрликти сынга алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2020-жылдын октябрынан бери Ички иштер министрлиги менен Транспорт министрлиги көзөмөлдөө функцияларын бөлүшө алышпайт. Ал эми адамдар жолдордо өлүп жатышат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 2-сентябрда Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин башкы катчысы Нурийпа Муканова "Жол коопсуздугу" боюнча тегерек столунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Ички иштер министрлигинин айрым функциялары Транспорт министрлигине өткөрүлүп берилген. Бирок ушул күнгө чейин эки бөлүм келишип, маселени чече алышпайт.

Биз калк жана айдоочулар менен иштешибиз керек. Жооптуу мамлекеттик органдар жол коопсуздугун камсыздасын.

"ИИМ жана МАИ кызматкерлеринин жолдун четиндеги бактардын арасына жашынып алып, иш алып барганына коомчулук нааразы. Алар мындай иш-аракеттерди, жолдогу коопсуздукту сактоо үчүн эмес, айдоочулардан акча өндүрүү үчүн гана кылышат. Коомчулуктун бул ою туура эмес деген аргументтерди келтириңизчи",- деди Нурийпа Муканова

Ал жол кырсыгына кабылгандардын 80%ы акыркы үч жылда айдоо күбөлүгүн алгандар экенин белгиледи.

Муканованын айтымында, жолдордо ылдамдыкты бузгандыгы үчүн айып салуу тендерди утуп алган жеке компанияга тапшырылган. "Бирок жол коопсуздугун көзөмөлдөө функциясы ошо бойдон калууда. Аны ким жетектеп жатканы белгисиз. Кеп айып пул жөнүндө эмес, жол коопсуздугун камсыздоо жөнүндө болуп жатат", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3331