Жыл башынан бери жол кырсыгынан 497 адам каза болду
RU

Жыл башынан бери жол кырсыгынан 497 адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын январ айынан бери Кыргызстанда 4 637 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ЖКККББнин жетекчиси Азамат Исраилов кабарлады.

Анын айтымында, акыркы сегиз айдын ичинде жол кырсыгынан 497 адам каза болду.

Исраилов белгилегендей, жол кырсыктардын 95% адамдык фактордон улам, тагыраак айтканда, жол эрежелерин билбегендиктен жана айдоочунун туура эмес аракетинин айынан болуп жатат. "Эң кейиштүүсү - сегиз айдын ичинде 8 миң айдоочу күбөлүгу жок кармалган", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-сентябрда жол коопсуздугу боюнча тегерек стол өтүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3332