Вице-мэр: Бишкектеги мектептерде класстарды бөлүштүрүү болбойт
RU

Вице-мэр: Бишкектеги мектептерде класстарды бөлүштүрүү болбойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окуу жылы башталары менен Бишкектин мектептеринде класстарды бөлүштүрүү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына баш калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева борбордогу мектептердин жаңы окуу жылынын даярдыгын айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, сабактардын убактысы кадимкидей болот. Класстардын бөлүнүшү да болбойт жана бардыгы салттуу билим берүү формасына кайтып келет.

Анткен менен, оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти дагы эле класстарды бөлүштүрүүнү талап кылууда.

"Мектептердин карамагында антисептиктер болот жана окуучулар беткап алып жүрүүгө милдеттүү болушат", - деди Мозгачева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3347