Коронавирустан улам Бишкектин райондорунун биринин акими жазаланды
RU

Коронавирустан улам Бишкектин райондорунун биринин акими жазаланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими COVID-19дун алдын алуу боюнча жетишсиз иштегендиги үчүн катуу сөгүш алды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 27-августта борбор калаанын муниципалитети биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөргөн.

Жыйындан кийин Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоевге коронавирустук инфекциянын алдын алуу, калкты маалымдоо жана эмдөө боюнча жетишсиз иштегендиги үчүн катуу сөгүш жарыяланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3357