Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун "Манас" айтып жатканына 3 күн болду
RU

Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун "Манас" айтып жатканына 3 күн болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Москвада манас айтып жатканына үч күн толду. Ал 31-августта баштаган болчу. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Гүлзар Көкөнова айтып берди.

Маалыматка караганда, манасчынын ден соолугун дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат. Ал маал-маалы менен эс алып, тамактанууда. Сыдыков өзүн жакшы сезип, идеясын аягына чейин жеткирүүгө аракет кылып жатат.

"Манас" угууга Москвадан мекендештер жана Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин студенттери келишти. Филология илимдеринин доктору, манас таануучу Жылдыз Орозобекова лекция окуп, аларга эпос жана анын аткаруучулары тууралуу айтып берди.

Эске салсак, белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков Гиннестин рекорддор китебине кирүү үчүн Москвада беш күн тынымсыз "Манас" эпосун үзбөй айтууга максат койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3365