Танк биатлону жарышында жеңгендер кандай сыйланышты?
RU

Танк биатлону жарышында жеңгендер кандай сыйланышты?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 3-сентябрда Россияда Эл аралык армия оюндарынын музейинде танк биатлону боюнча командалык эстафетанын экинчи дивизионунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Анда Кыргызстандан барган жоокерлер 2- дивизиондо жеңүүчү аталып, келерки жылы 1-дивизиондогу командалар менен күч сынашууга жолдомо алды. Мындан тышкары жеңүүчүлөргө армиянын генералы Олег Салюков кубок тапшырды.

Кошумчалай кетсек, танк биатлону мелдешинде 3-орунду Мьянма, экинчини Тажикстан курама командалары багындырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3370