Эт жок, сейилдөөгө болбойт, медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Дагы бир колония текшерилди.
RU

Эт жок, сейилдөөгө болбойт, медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Дагы бир колония текшерилди.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогулдагы №52-түзөтүү мекемесинде: эт жок, сейилдөө жүргүзүлбөйт жана медициналык жардам көрсөтүлбөйт – деп Кыргызстандын кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордон билдиришти.

Кыргызстандын кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борборунун (КР КАУБ) Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү Тоткогул районунда жайгашкан №52 түзөтүү мекемесиндеги кармоонун алгылыксыз шарттары катталган факты боюнча облустук прокуратурага кайрылып, прокурордук текшерүү жүргүзүү өтүнүшкөн.

КР КАУБнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери 2 -сентябрда күтүүсүздөн түзөтүү мекемесине барышкан.

Айып изоляторунда жаткан соттолгондордун бири эксперттер тобуна бутун күйгүзүп алып, ириңдеп кеткенин айтып даттанган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. КР УАУБнын кызматкерлери кароолдон дарыгер чакырууну суранышып, бейтапка ийне сайылган.

"22-августта дагы үч адам медициналык текшерүүсүз айып камерасына камалып, дээрлик эки жумага чейин аларга сейилдөөгө уруксат берилген эмес - бул жазасын өтөп жаткандарга карата ырайымсыз мамиленин бир көрүнүшү", - деп билдиришти улуттук борбордун Жалал-Абад облусттук өкүлчүлүгүнөн.

Текшерүүчү топ мындан башка дагы мыйзам бузууларды аныкташкан. Тамак -аш кампасында кант жана жумуртка жок, азык-түлүк блогунда "дезинфекциялоочу бурчта" аптечка да жок. Идиш-аяктар кир, кесип-тууроочу тактайлар сынган. Ашпозчунун санитардык китепчеси жок (бул мыйзам бузуу түзөтүү мекемесине буга чейинки келген сапарда да белгиленген).

"Түшкү ысык тамак эти жок берилет. Ашпозчунун айтымында, ал соттолгондорго бир жумадан бери эле эти жок тамак даярдап келет. Бирок, муздаткычта чийки эт жатат. Балким, мекеменин жетекчилиги текшерүү учурунда муздаткычка салып койгонго жетишкендир", - деп борбордун облустук өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү баамдоо менен бирге, "буга чейин деле бул жерде этке "эконом" кылып келишкен" деп билдиришти. Улуттук борбордун кызматкерлери прокуратурага бир нече жолу арыз жазышкан, бирок кайрылуулар эске алынган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3402