"Кумган кармаган бала" сүрөтүн үстүнөн сырдап салышты
RU

"Кумган кармаган бала" сүрөтүн үстүнөн сырдап салышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарыны Бөкөнбаев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде DOXA Art-group тобу тарткан атактуу "Кумгандан кармаган бала" муралы бар болчу, бирок аны толугу менен үстүнөн сырдап салышкан. Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына журналист Азиз Примкулов жазган.

Муралды кечээ сырдап салганы белгилүү. Бирок, эмне үчүн сырдап салышты азырынча, белгисиз. Шаардыктардын пикири боюнча, аны рекламалык жарандарды илүү үчүн боеп салышты. Бир нече ай мурун, сүрөттүн үстүнөн бир курулуш фирманын баннерин илип коюшкан болчу, бирок көптөгөн сын пикирлер айтылып отуруп, баннерди алып салышкан.

Белгилей кетсек, "Кумган кармаган бала" муралы (бул - имараттардын ичинде же сыртынан тартылган сүрөт искусство болуп саналат) Бишкектеги эн алгачкылардан болчу. Бул сүрөт шаарды жашылдандыруу көйгөйүнө багытталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3403