Садыр Жапаровдун уулу Жогорку Кеңештин депутаты болобу?
RU

Садыр Жапаровдун уулу Жогорку Кеңештин депутаты болобу?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун Рустам деген уулу Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлер менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда өзүнүн Telegram-каналына Дастан Бекешев жазды.

Анын айтымында, көпчүлүк талапкерлер шайлоо алдында жолугушуп, биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. 75 партиянын бардыгы шайлоого барбай турганы анык, анын ичинен 1/3 бөлүгү, же андан азыраагы гана катышат.

"Бирок биригүү керек. Талапкерлердин көпчүлүгүн Бишкектеги кофейнялардан жолуктурууга болот. Парламенттик шайлоого катышкысы келгендердин саны арбын. Партиялардын тизмесин жана бир мандаттуу аймактардан талапкерлерди аныктоого бир эле ай калды", - деп депутат белгиледи.

Мындай жолугушууларды президенттин Рустам деген уулу өткөрүп жатат. Жакшы, мыкты жигит. Ал атасынын ишин талкалашы мүмкүн, бул өтө кейиштүү. Тарыхыбызда эки президент ушундайга жол берип, анын аягы эмне болгонун барыбыз билебиз. Президент уулун тыйып, мындай көрүнүштү токтотот деп ишенем. Бул анын үй-бүлөсүнө да, биздин өлкөгө да жакшылык алып келбейт. Үй-бүлөлүк жыйында кеңешип, президенттин уулу саясий платформа түзгөнү туура эмес, деген чечимге келет деп ишенем.

"Ал өзү тизмеге кирбей деле калышы мүмкүн, бирок бардыгын уюштуруп берет. Көп депутаттар бул тууралуу сөз кылып жатышат. Кыргызстан алакандай мамлекет, эч нерсе жашыра албайсың", - дейт Бекешев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3406