Патрулдук милиция тарабынан атылган айдоочу. 22 кызматкер жоопкерчиликке тартылды
RU

Патрулдук милиция тарабынан атылган айдоочу. 22 кызматкер жоопкерчиликке тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМ Патрулдук милициянын кызматкери тарабынан атылган Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу билдирди.

ЖКнын Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 7-сентябрдагы жыйынында ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 4 патрулдук кызматкер УКМКнын тергөө абагында экенин айтты.

"Иликтөөнүн натыйжасында 22 кызматкер жоопко тартылды. Ага ылайык 9 кызматкер ээлеген кызматынан, 1 кызматкер жумуштан бошотулуп, 12 кызматкер тартиптик жаза алды", - деди министрдин орун басары.

Эске сала кетсек, 27-августтун кечинде потрулдук кызматкер жол эрежесин бузган Чыңгыз Абдыраевге ок аткан. Ал көп өтпөй ошол жерде көз жумган болчу. Окуя саат 21:00 чамасында Имам Сарахси борбордук мечиттинин жанында болгон. Маалыматка ылайык, ок жүрөккө жакын тийген. Айдоочу 20-сентябрда үйлөнүшү керек болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3412