Мерьем Узерли Кыргызстан жөнүндө пост жазды
RU

Мерьем Узерли Кыргызстан жөнүндө пост жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга Мерьем Узерли келген. Атактуу түрк актрисасы бул тууралуу өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Өзгөчө кооз өлкө Кыргызстанда мени абдан жылуу тосуп алышты. Бул керемет саякатты бирге баштап, иш чараны уюштурган бардык команданы куттуктап, терең ыраазычылыгымды билдирем.

Шухрат Ибрагимов, Садык Шер-Нияз, Асель Шерниязова, Мендерес Демир, Сергей Рахлин, Бретт Сисон, Мерал Мелика Дюран, Жорж Жоджо Чамчум жана башкаларга да чоң рахматымды айтам, деп Узерли жазган.

Анын бул посту 460 154 лайк чогултуп, алдына 5 миңден ашуун комментарий жазылган. Катталуучулардын басымдүү бөлүгү анын сулуулугуна суктанып, жылуу сөздөрдү жазышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3415