Кайсы ырчы айымды эң популярдуу деп ойлойсуз? Сурамжылоого катышкыла
RU

Кайсы ырчы айымды эң популярдуу деп ойлойсуз? Сурамжылоого катышкыла

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кайсы ырчы айымды эң популярдуу деп ойлойсуз? Өткөн жумада kaktus.kg инстаграмда сурамжылоо өткөрүп, төмөндөгү ырчылар популярдуу экенин билген. Эми ушул 10 ырчынын ичинен кимиси биринчи экенин бирге аныктайлы. Төмөн жактагы сурамжылоого катышыңыз

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева Сахнага алгач К.Артыковдун "Барам сага" аттуу ыры менен чыккан. Ырчынын "Кат жазчы мага" "Кимибизден", "Сен билген жоксун", "Арзуу", "Сагындым сени" деген ырларын азырга чейин суйүп угушат. Алтынай Нарбаева аккордеондо мыкты ырдап ойногону менен айырмаланып турат. Мирбек Атабеков менен ырдаган "Мен сени сүйөм өмүр" атуу ыры да популярдуу болду. Ал 2008-жылы май айында Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген артистти наамын алган. Ырчылыктан тышкары мугалим болуп эмгектенген. Жолдошу менен эки жолго түшкөн. Үч баланын энеси.

Гүлнур Сатылганова алгач сахнага "Сени эстеп", "Жазым келчи" деген ырлары менен эл оозуна алынган. Анын "Асман", "Ак санат", "Келем дедиң", "Апакем" деген ырлары көп угуучу топтогон. Ал 2001-жылы Эмгек сиңирген артист, ал эми 2008-жылы КРдин Эл артисти деген наамдарга ээ болгон. Гүлнур өзү теңдүү ырчылардан айырмаланып, азырга чейин популярдуулугун жоготкон эмес. Аны Эл аралык конкурстарга калыс катары да чакырып турушат.

Самара Каримова "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам", "Менин атам эң жакшы адам", "Баргым келет", "Курбум" деген ырлары менен белгилүү болгон. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти деген наамын алган. Ал бир гана ырчылык менен чектелбестен актрисалык өнөрүн да көрсөтүп келет. Кыргызстандын "Ак шоола" аттуу сериялына, Өзбекстандын "Кодирхон" деген киносуна, катышкан. Ырчы айым Ош мамлекеттик музыкалык мектебинин директор болуп да дайындалып, кийин бул кызматтан баш тарткан. Ага чейин Оштогу музейди жетектөөгө да аракеттенген болчу. Самара Жолдошу Асан Мансуров менен 3 баланы тарбиялап-өстүрүшөт.

Анжелика Кайратова кичинекейинен эле сахнага чыгып, элге таанылган. Алгач 1997-жылы чон сахнага Марат Алыбаевдин Каало атту ыры менен чыккан. 2007-жылы "Өмүр багы", "Сагыныч" атту ырлары менен чыгып, жеке ырчы катары эмгектене баштаган. Андан соң "Айта берем", "Шоппинг", "Музыка", "Бактым" жана башка ырлары чыкты. Анжелика "Бактылуу айым" долбоорун ачып кайрымдуулук иши менен да алектенип келет. 2009-жылы Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланды. Ал коомдогу көрүнүштөргө активдүү катышат. Үч кыздын суйуктуу апасы.

Асел Кадырбекова "Башканы жаным дебе", "Жаныңда болсом дейм", "Жаз", "Сага айтайын", "Бактылуумун" деген ырлары менен көбүрөөк элге таанымал болду. Ал ырчылыктан башка алып баруучу болуп да иштеп жүргөн. Ырчы айым жол кырсыгана кабылып, эми гана жакшы болуп кайрадан чыгармачылыгына кайтты. Нурлан Насип менен баш кошуп, Дария атту кыздуу болушкан. Бирок, кайра экөө ажырашышты.

Айдана Дека өзүнүн өзгөчө корея стили менен айырмаланып келет. Ал бийлегенди аябай жакшы көрөрүн айткан. Жаш кыздар ырларын сүйүп угушат. Анын "Шекер экен", "Бийле", "Сезим менен", "Жигитке" жана башка ырлары бир топ угуучуларды топтой алган. Чет өлкөдө өткөрүлгөн конкурстарга катышып, конок катары чакырылып калганын да көрүүгө болот. Ал социалдык тармактарды активдүү колдонот. Жолдошу Аваз экөө бир кыздуу болуп, экинчи баласын күтүдө.

Айгерим Расул кызы балалыгынан эле ырдап келет. "Дискотека түнкү бишкекте", "Кызганамын", "Кызыл өрүк", "Такси", "Эсиндеби" деген ырлары хит болуп, элге белгилүү болгон. Андан тышкары мекенге арналган ырлары да жакшы угулат. Айгерим чыгыш бийин да жакшы өздөштүргөн. Бирок, учурда башкача ыр, башкача стилдери менен да эл алдына чыгып жүрөт. Жолдошу Азамат экөө уул-кыздуу болушкан.

Толгонай Арзыкеева интернет аркылуу "Деспасито" атуу ырды ырдап чыгып белгилүү болгон. Анын "Мектебим", "Жүрөк ээси", "Бирге болгум келет", "Сен менинин айтылбаган ырларымсың" деген ырлары жакшы угулган. Андан сырткары дуэттерди көп ырдап, чет элдик ырларды да жакшы аткарат. "Кошунаны тандабайт" сериалына тартылып, актерлук чеберчилигин көрсөттү. Ал эрке, шайыр, ошол эле учурда токтоо мүнөздүү кыз. Жакында эле жигити анын колун сурап, сөйкө салды.

Жийдеш Идирисованын "Сен", "Жаным", "Наринай", "Өмүр" деген ырлары хитке айланган. Ал "Түрк визион-2015" конкурсуна "Ким билет" деген ыры менен катышып жеңишке жеткенден кийин популярдуулугу күчөгөн. Учурда корея ырларынынын үстүндө иштеп жүргөнүн байкоого болот. Жийдеш просюссери Андрей Догай менен мыйзамдуу никеге туруп, той өткөрушкөн. Алардын Севара жана Адел аттуу кыздары бар.

Чолпон Талипбек алгач "Non Stop" дуэтинде ырдап жүргөн. "Кыздар ай, балдар ай", "Бийиктик", "Жүрөгүм сага", "Кыргызстан" деген ырлары менен таанылып, кийин өзүнүн "Таппадым сендей", "Жүрөгүм эзилет", "Сүйөм дедиң" жана башка ырлары менен чыгармачылык жолун улантты. Ал Кыргызстанда баары билген "Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем" деген кинодо башкы ролдордун бирин жараткан. Учурда ырчы айым бойдок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3418