Кыргызстан - Бангладеш матчы учурунда жигит кызынын колун сурады
RU

Кыргызстан - Бангладеш матчы учурунда жигит кызынын колун сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 7-сентябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча матч өттү. Кыргызстандын курама командасы Бангладеш менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңип алышты.

Биринчи таймдын соңунда күтүүсүз окуя болуп, стадиондо отурган күйөрмандар "Жибек! Мага турмушка чыгасыңбы?" (Жибек! Ты выйдешь за меня?) деген жазуусу жазылган баннерди чыгарышты. Андан кийин элдин бары "Жибек! Жибек" деп ураан чакыра башташкан.

Белгилүү болгондой, Жибек жигитине макулдугун билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3422