Алып баруучу Алексей Филатовдун абалы оор, ал комада
RU

Алып баруучу Алексей Филатовдун абалы оор, ал комада

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атактуу алып баруучу Алексей Филатов учурда Бишкектеги Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу анын кесиптеши Ассоль Молдокматова жазды.

Молдокматованын айтымында, Филатов өпкөнү жасалма желдетүү аппаратына кошулган, сатурациясы төмөн.

"Менин бир өтүнүчүм бар - анын ден соолугу үчүн дуба кылып койгулачы. Ал мыкты жигит. Лёша, суранам, жаша. Биз сени аябай жакшы көрөбүз", - деп Instagram баракчасына жазган.

Молдокматованын айтымында ал комада.

Алексей Филатов КТРКда "Улуттук хит-парад" программасын алып барчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3423