Түркия Кыргызстанга коронавируска каршы 150 миң доза вакцина берет. Бекер
RU

Түркия Кыргызстанга коронавируска каршы 150 миң доза вакцина берет. Бекер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркия Кыргызстанга грант түрүндө коронавируска каршы вакцинанын 150 миң дозасын берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кечээ, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолуккан. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк мамлекеттик ооруканасынын башкаруу маселеси тууралуу сүйлөшкөн. Мындан сырткары, элчи Түркия Кыргызстанга гранттык негизде вакцина берерин белгилеген.

Түркиянын өкмөтү коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга опол тоодой жардам көрсөтүүдө. Заманбап жабдуулар менен жабдылган мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасы иштей баштады. Ушунун аркасында көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыкпай дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат деген үмүттөбүз. Ал эми Түркиянын иммунизациялоо үчүн вакцина берүү чечими биз үчүн жакшы жаңылык болду. Боордош түрк элине ыраазычылык билдиребиз. Вакцинанын ар бир дозасы бир адамдын өмүрүн сактап калат", - деди Бейшеналиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3427