Эмделбеген баланы бакчага албайт деген чынбы?
RU

Эмделбеген баланы бакчага албайт деген чынбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салима, окурман:

Саламатсызбы. Биз өз каалообуз менен кызыбызды эмдеткен эмеспиз. Бала бакчага берели десек, албай жатышат. Эмне кылышыбыз керек? Кимге кайрылабыз?

Нурислам Раимжанов, "Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Сизге же балдарыңызга бала бакча же мектеп жактан эч кандай көйгөй болбошу керек. Кыргыз Республикасынын Жугуштуу оорууларды иммунопрофилактикалоо тууралуу мыйзамынын 5-беренесинде "Кыргыз Республикасынын жарандары иммунопрофилактиканы жүргүзгөн учурда - башка ченемдик акытлар көрсөтүлбөсө, профилактикалык эмдөөдөн баш тартууга укуктуу" деп көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө эмдөөнү алуу ыктыярдуу болуп эсептелинет. Сиздин же балдарыңыздын эркине каршы эмдөо жүргүзө алышпайт.

Эгер бакчадан же мектептен көйгөй жаралса, прокуратура органдарына кайрылсаңыз болот. Анткени, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 2-бөлүгүндө "Ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу" деп жазылган.

Маалымат bilesinbi.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3429