Ак үйдүн алдында шлагбаум пайда болду
RU

Ак үйдүн алдында шлагбаум пайда болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак Үйдүн күн батыш жагындагы кире беришине кайрадан шлагбаум коюлду, тактап айтканда, Логвиненко көчө тарабында.

"Жол жабык. Өткөн жылы Ак үйдүн айланасындагы тосмо алынган. Ошондо Панфилов жана Логвиненко көчөлөрү ачылган. Депутаттарга бул шлагбаумдун эмне кереги бар? Аларды эл шайлаган, алар болсо өздөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп жатышат", - деп окурмандар жазышты.

Шлагбаумдун коюлушу боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбековага байланышканыбызда, шлагбаум унаа токтотуучу жайды иретке келтирүү үчүн коюлгандыгын билдирди, деп Super.kg порталы жазды.

"Унаалар токтогон жайды иретке келтирүү макстында шлагбаум коюлду. Ал эми, Ак Үйдүн башка тарабы, анын ичинде Панфилов көчө тарабы ачык эле турат", - деди Индира Куралбекова.

Эске салсак, 5-6-октябрда болгон окуялардан кийин коомчулук, социалдык тармактын колдонуучулары Ак Үйдүн тосмосун алуу сунуштарын айтып чыгышкан. Ошондой эле социалдык тармакта аталган имараттын тосмолору жок тартылган сүрөт тарап, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3435