Кезек "Дордойго" жетти окшойт. Соодагерлер митингге чыгышты (фото, видео)
RU

Кезек "Дордойго" жетти окшойт. Соодагерлер митингге чыгышты (фото, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-сентябрда "Дордой" базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Алар салтка айланып калгандай Ала-Тоо аянты же Өкмөт үйүнүн алдында эмес, базардын кире бериш жеринде чогулушкан.

Соодагерлердин айтымында, бажы салыгы эки эсе көтөрүлдү, бирок бул тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес.

"Эгер буга чейин алып келген сырьёнун килограммына 25 центтен төлөп келсек, эми 50гө чейин көтөрүп салышты. Ал эми кийим-кече сыяктуу даяр товарга мурда 85 цент төлөчүбүз, азыр 1,8 долларга жогорулады", - деп митингге катышкан Алтынбек айтып берди.

Бажы кызматындагылар эмне себептен баанын көтөрүлгөнүн түшүндүрүп бере алышкан жок, расмий документтери да жок.

"Биз токтомду, же кандай болбосун документти көрсөтүүнү талап кылдык, бирок эч кандай кагаз көрсөтүшкөн жок. Болгону, бул өкмөттүн чечими деп жооп беришти", - деди ал.

Дагы бир соодагердин айтканына караганда, ЕАЭБге киргенден кийин соодагерлерде көптөгөн көйгөйлөр жаралган. "Ошого карабастан иштеп келдик. Эми товардын растаможкасын да көтөрүп салышты", - деп кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3437