Келерки аптадан баштап жарандар мамлекеттик ипотеканы 4 (!)% менен ала алышат.
RU

Келерки аптадан баштап жарандар мамлекеттик ипотеканы 4 (!)% менен ала алышат.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда "Менин үйүм-2021-2026" программасы 16-сентябрдан тарта ишке киргизилет.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматы боюнча, ипотекалык насыялар төмөнкү багыттар боюнча берилет:

1. Бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн "Артыкчылык ипотекасы" - "Даяр турак жайды сатып алуу" продукциялары;

  • пайыздык ченем - жылдык 4%;
  • баштапкы төлөм - 10%дан (баштапкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө берилиши мүмкүн);
  • кредиттин мөөнөтү - 15 жылдан 25 жылга чейин (төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
  • ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 4 миллион сомго чейин;

"Жеке турак жай курулушу" продукциясы;

  • жылдык курулуш мөөнөтү үчүн 8 пайыз жана жылдык курулуш аяктагандан кийинкиге 4 пайыздык чен;
  • баштапкы төлөм - 20%дан башталат;
  • кредитти төлөө мөөнөтү - 15 жылдан 25 жылга чейин ( төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
  • ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 4 миллион сомго чейин.

2. "Жеткиликтүү ипотека" бардык жарандар үчүн (Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет) - "Даяр турак жайды сатып алуу" продукциялары:

  • жылдык пайыздык ченем - 8%;
  • баштапкы төлөм 20% (алгачкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн);
  • кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
  • ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 миллион сомго чейин.

"Жеке турак жай курулушу" продукциясы

  • жылдык курулуш мөөнөтү үчүн 12% жана жылдык курулуш аяктагандан кийин 8% пайыздык ченем;
  • баштапкы төлөм 20%дан башталат;
  • кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
  • ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 миллион сомго чейин.

Сатып алынган турак жайга эки багыт боюнча талаптар

  • көп кабаттуу үйдөгү батирлер үчүн - жалпы аянты 80 чарчы метрден ашпоого тийиш;
  • жеке турак жай имараттары үчүн - жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпоого тийиш;
  • турак жайдын бир чарчы метринин баасы 60 миң сомдон ашпашы керек.

Мамлекеттик ипотека компаниясы жеткиликтүү өнөктөш банктар боюнча маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3438