Психиатр: Биздин психика коронавируска көнүп калды
RU

Психиатр: Биздин психика коронавируска көнүп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык психикалык ден соолук борборунун директору Ураимжан Исмаилов адамдар эмне үчүн коронавирустан коркпой калганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, адамдар карантинди жана сактык чараларын унутуп калышкандай. "Психика ар кандай жашоо шарттарына көнүү процесси менен мүнөздөлөт (өзгөчө кырдаал, экономикалык кризис, табигый кырсыктар ж. б.). Анткени адамдын психикасы дайыма тынчсыздануу жана коркуу менен иштей албайт",- деп түшүндүрдү Исмаилов.

Ага кошумча кээ бир адамдар эмне үчүн коронавируска каршы эмдөөдөн коркуп жатканын да айтып берди.

"Азыр дээрлик бардыгы Интернет колдонушат. Ал жерде ишенимдүү жана ишеничсиз маалымат көп. Аны айырмалоо да өтө кыйын. Вакцинаны иштеп чыккандан кийин анын зыяндуулугу жана тукумсуздукка алып келет деген көптөгөн терс, туура эмес маалыматтар пайда болду ", - деди Республикалык психикалык ден соолук борборунун директору .

Анын айтымында, ден соолукка байланыштуу терс маалыматтар адамдарды кандайдыр бир деңгээлде тынчсыздандырат. Анын үстүнө, "Мен кээ бир илимдердин профессорумун же кандидатымын" деген сөздөр менен башташат. Мындай спектаклдер адамдардын аң -сезимине күчтүү таасир этет, деп эсептейт эксперт.

"Дагы бир маанилүү фактор - бул биринчи алган маалыматтын таасири. Эгер адам биринчи позитивдүү маалыматты укса, ал көптөгөн терс кабарларды четке кагууга жакын болот. Эгерде терс маалыматты алса, ал вакцина тууралуу ишенимдүү фактыларды жокко чыгарат", - деди Исмаилов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3451