Президенттин кортежиндеги унаа катышкан кырсык. Пенсионер айдоочу кармалды
RU

Президенттин кортежиндеги унаа катышкан кырсык. Пенсионер айдоочу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин кортежиндеги унаанын катышуусунда жол кырсыгына кабылган 67 жаштагы киши кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал мас абалында КРдин Президенти Садыр Жапаровдун кортежинин унааларынын бирине урунган. Анын кесепетинен УКМКнын дарыгери көз жумду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында кечээ, 8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылына жакын жерде президенттин кортежинен бир машинаны сүзүп кетишкен. Соттун чечими менен "Субару" унаасынын 67 жаштагы айдоочусу камакка алынды.

Кырсыктын кесепетинен УКМКнын дарыгери каза болуп, ал эми 9-бөлүмүнүн дагы бир кызматкери оор жаракат алган.

"Субарунун айдоочусу кырсык болгон учурда мас болчу. Азыр ал муну мойнуна албай, өзүн күнөөлүү эмесмин деп жатат. Ал эки айга, тагыраагы 2021-жылдын 6-ноябрына чейин тергөө абагына камалды",- деди коопсуздук кызматкерлери.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3454